Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы абалды турукташтыруу максатында бүгүн дагы 14,5 миллион доллар сатып алды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, күн мурун, 30-мартта, алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк 5,4 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча валюта интервенциясын жүргүзгөн.

«Улуттук банк ички валюта рыногу боюнча катуу талап койгон жөнгө салуучу болуп саналбайт жана валюталар курсунун тенденциясын аныктабайт, ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн жеңилдетүү максатын гана көздөйт», — деп айтылат УБнын расмий сайтында.