Чүйдүн Москва районунун Төлөк айылында Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бакты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Мааламатка караганда, кырсыктын кесепетинен алты адам (төрт эркек: 20 жаштагы И.Б., А.У., калган экөөнүн аты-жөнү такталууда, эки кыз: 17 жаштагы А.Ж., 21 жаштагы Ж.Э.) жабыркаган. Ошондой эле 21 жаштагы К.Б. жана дагы бир эркек киши каза болгон.

Жерине беш куткаруучу тартылып, каза болгон 21 жаштагы К.Б. аттуу унаанын айдоочусун чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы Москва райондук ооруканага алып кеткен.