Мамлекеттик ипотекалык компания Баткен облусунун чек арага жакын айылдарына жеке үйлөрдү курат. Бул тууралуу “Ишеним” фракциясынын жыйынында “ГИК” ААКтын төрагасы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, Ак-Сай жана Максат айылдарына турак-жайлар курулат.

«Аймактарда турак-жай курууга 3,5 млрд сом каралган. Азыр министрлер кабинети Баткенге 200 миллион сом жөнөтүү боюнча токтом даярдап жатат. Чек арадагы Ак-Сай жана Максат айылдарына жеке турак жайларды курабыз», — деди ал.

Ипотекалык компания өлкөнүн бардык аймактарында турак жайларды курунуу караштырууда.

«Биз аймактарды кыдырып, курулуш үчүн 300 гектар жерди аныктадык. Биз бул аймактардын тизмесин түздүк. Биз көп кабаттуу үйлөрдү курабыз. Долбоор боюнча техникалык, архитектуралык көзөмөлдү Мамкурулуш жүргүзөт”, — дейт Аида Төлөгөнова.