Энергетика министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагында боло турган реформаларга токтолду.

Анын айтымында, аягына чыгарына аз калган масштабдуу реформалар ишке ашырылып жатат.

“Кыргызстанда эки ири энергетикалык ишкана болот. Биринчисинде электр энергиясын өндүрүү менен алектенген бардык ГЭСтер жана мекемелер болуп, ал эми экинчиси аны калкка өткөрүп берүү менен алектенет.

Көп жылдардан бери чогулуп отуруп энергетика тармагынын карызы көбөйүп кеткен эле. Ал 136 млрд сомдон ашат. Бул сумма президенттин тапшырмасы менен Каржы министрлигине өткөрүлүп берилет. Бул жылы биз карыздардан кутулуп, масштабдуу иштер менен алек болобуз. Жайында «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушун баштайбыз. Башталышына биздин 20 млн сомубуз бар. Бул долбоорго катышууну каалагандар бизге кошулса болот. Сиздер менен иштешүүгө биз ар дайым даярбыз!” – деди министр.