Жашоонун агымы менен жүрүп отуруп, нечендеген тоскоолдуктарга туш болуп, кээде  жээкке калкып чыгып, кээде агымга каршы чыгып отуруп, акырында көздөгөн максатка жетет экенбиз. Таң калыштуусу айрымдар ошол турмуш деген албууттап аккан дайранын агымына такай каршы сүзүп эле кайыктарын талкалай берет өңдүү.

Бүгүн күн жылып, таза аба жутуп неберемди бакчадан алганы бардым. Бакчада чурулдап ойногон балдар. Апаларын күтүп эшикти караганы канча, алардын бирөөсү бут кийимин таппай, экинчиси топусун издеп жаткан. Мына бакыт дегени ушулар.

— Чоон атаа… сен келдииин, — деп чулдурап үч жаштагы  неберем мага чуркап келе жатты. Аны колунан жетелеп эшикке чыктым. Биз чоң эшиктен чыгып баратканда бир унаа келип токтоп, ичинен жаш келин чыгып бакчага кирди. Ал эми ролдо отурган жигит жолдошу өңдөнөт. Келиндин кебетесинен экөө кер-мур айтышкан сыяктуу.

Неберем менен үйгө карай келе жатып, мен да жаштыгымды эстедим. Туура мен да корс мүнөзүм менен кемпиримди даалай ирет таарынттым. Өзгөчө жумушум жок калып, үйдө кечке диванды ээлеп жаткан күндөр. Аялым иштеп акча таап, мен ушинтип үйдө отуруп каламбы деп ал бечарага катуу айтып, «келе акча бер» деп сураган күндөр. Кечке иштеп батирдин акчасын, балдардын тамак-ашы, кийим кечеси баарына жетишип, ал аз келгенсип менин капризиме чыдаган аялыма азыр рахмат айтам. Эркек өзү аялдар акча таап баштаганда алардын алдында өзүбүздү ылдый сезип, катуу тийип үстөмдүгүбүздү корс мүнөз менен көрсөтүп калат окшойбуз. Бирок, ошондо катаал мезгилде баарына чыдап, баарын көтөргөн аялдарга даңк. Болгону ошондой жагдай жаралып, кайда бассаң деле багың ачылбай, жок деген жармашып калганда, сенин абалыңды туура тушүнбөй, «иштебейсиң» деп мээңди жеген аялдар да жок эмес. Ошол оош кыйыш мезгилде канчалаган бүлө бузулуп, балдар ата мээримине зар болот, же апасына. Канчасы бакыт издеп башка өлкөгө багыт алат, канчасы ичкиликке өтөт.

Мындай жагдай ар бир бүлөдө кезигеби же бизде элеби деп канча ирет ойлондум. Көрсө, жараткан эгем аял эркекти ушул жол  менен сыноодон өткөрөт өңдүү. Чындап, чыдап көтөргөндөргө гана астынан бактылуу жашоо буюрат белем. Дал ошондой  жумушсуз күндөрдүн бир күнүндө капысынан бир жумуш чыгып, анын артынан каражат таап, ишим улам алдыга жылып, эки жылдын ичинде бутка турдук. Ошол мезгилде жубайым айта турган, «мен сенин жумуш таап, жакшы күндөргө жетериңди билгем, ошол үчүн дайыма колдогом» деп.

Кыязы азыркы мен көргөн жаштар да сыноодон өтүп жаткан сыяктуу. Чыдамкай болгула алтындар. Жараткан ар тараптан сынап, жокчулукту көрсөтүп анан барчылыкты берет, а кээде тескериси болот. Башкысы топук кылууну үйрөнүү, жамандыкты эмес, жаман нерсени да жакшы көз менен карап, жакшы жагын ала билүү керек экен.

Калыс  Бишкектен

 

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.