2022-жылдын 1-апрелинде акыйкатчы (омбудсмен) Атыр Абдрахматова Жогорку Кенештин төрагасы Талант Мамытов менен жолугуп, “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын абалы жөнүндө” жылдык баяндамасын ЖК депутаттарынын кароосуна киргизгендигин билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Мындан сырткары, 2019-2020-жылдарга карата жазылган акыйкатчынын жылдык баяндамалары, жакынкы арада 2021-жылдык баяндама менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү керектигин белгиледи.

Жолугушууда 2021-жылы жүргүзүлгөн Конституциялык реформага ылайыкташтыруу максатында “КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамы кабыл алынышы керектиги да айтылды.

Бул конституциялык мыйзам кабыл алынса:

1) жарандардын жылдап чечилбеген көйгөйлүү маселелеринин чечилишине өбөлгө түзөт;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Кыргыз Республикасында адам укуктарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтөт;

3) Акыйкатчынын макамын эл аралык стандарттарга дал келүүсүн камсыздайт жана эл аралык аренада мамлекеттин аброю жогорулайт.