Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда балдар иши боюнча түз байланыш кызматы иштеп жатканын кабарлайт.

Муниципалитет кайыр сурап же иштеп жаткан балдарды аныктоо үчүн күн сайын кызматкерлер шаардын көчөлөрүн жөө кыдырып жатканын маалымдады.

«Эгер мындай учурларга күбө болуп калсаңыз, көрсөтүлгөн телефондорго чалып коюуну өтүнөбүз»,— деп айтылат маалыматта.

Шаардыктар ушул номерлер аркылуу социалдык маселелер, балдарга байланыштуу иштер боюнча кайрылып, ошондой эле мектептерде жана үйдө балдарга жасалган зомбулукту кабарлай алышат.

Телефон номерлер:

Биринчи май району — 0(312) 67-03-86;

Октябрь району — 0(312) 51-03-75;

Свердлов району — 0(312) 53-05-76;

Ленин району — 0(312) 65-68-79.