Дүйшөмбү күнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +22…+27, Таласта +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градус жогорулайт.
Күндүн табы Бишкек шаарында +23…+25, Ош шаарында +25…+27 градус ысык болот.