Түнкүсүн улам ойгоно берүү же уйкунун качышы катуу депрессиянын белгиси. Бул тууралуу сомнолог Роман Бузуновго шилтеме берип «Известия» жазды.
«Катуу стресске кабылган адам уктаганына 3-4 саат болгондо эле мээси кайрадан ойгонуп алат. Башкача айтканда, кишинин уйкусу кана электе мээ тынчсызданып, ойлоно баштайт. Ошол себептүү адам түн ортосунда же таң алды менен ойгонуп алат. Мындай абалга кабылган киши адиске кайрылганы туура», — деди Бузунов.
Консультация учурунда дарыгер тез-тез ойгонуунун себептерин аныктоого аракет кылат. Эгер уйкунун бузулушуна чындап эле депрессия себеп болуп жатканы билинсе, стресске каршы дары-дармек жазып берери айтылат.
Ошондой эле адис адам туура эмес жатып алган учурда дагы беймаал ойгоно бериши мүмкүн экенин кошумчалады. Мындай шартта ички органдар кыйналып, ыңгайсыздык пайда болуп организм ойгонот.