Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, социалдык тармактын кызматкерлеринин Республикалык жыйынында бир нече министрликтерде эмгек акыны жогорулатуу боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү.

«Берген убадабыз боюнча сөзүбүзгө туруп, бүгүндөн тартып сиздердин айлыктарды көтөрдүк.

Өткөн жылы, өзүңүздөр билгендей, медиктердин айлыктарын көтөргөнбүз.   Мен маданият тармагынын кызматкерлеринин айлыктарынан баштагым келип турат.

Менин Жарлыгыма ылайык, биз айлык акыларды дээрлик 100 пайызга көтөрдүк.

Бир-эки мисал айтайын.

Эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү китепканачысынын айлык акысы  мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйдү.

Нарындагы мамлекеттик областтык тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат.

Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк  толук сакталды.

Ош академиялык Бабур атындагы театрдын актёру мурда 17 700 сом алса, эми  28 239 сом айлык алат.

Республикалык Баялинов атындагы балдар китепканасынын жетектөөчү китепканачысы мурда 9000 сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин эмгек акылары да орточо эки эсе жогорулады.

«Ошондой эле ушул жерде отурган Ат-Башы райондук социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Тилек Султангазы уулуна да токтоло кетейин. Шайлоо өнөктүгү маалында сиз мага „социалдык кызматкерлердин айлыгын көтөрүп берсеңиз“ деп кайрылган элеңиз.

Бүгүн сиздин өтүнүчтү толук канааттандырдык.

Билесиздер, дал ушул адамдар жалгыз бой кары-картаңдарыбызды ак ниеттен мамиле кылып карап-багып келишет, ошондой эле турмушунда оор кырдаалга туш болгон балдарга да мээримин төгүп, камкордук көрөт.

Алардын айлыгы бийик тоо шартында 7,5 эле миң сом болчу, эми бул айдан баштап 14 миң сомго чейин, стажы көп болсо — андан да көп алышат.

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады.

Бул жерде — „айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат“ деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин.

Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз!

Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы  — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт.

Албетте, медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрө электигибиз өкүнүчтүү. Келечекте дарыгерлер бир нече эсе көп айлык акы алышы керек  деп ойлойм.

Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби?

Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат.

Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз.

Эми билим берүү министрлигине токтололу.

Министрликке быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык каражат бөлүп бердик.

Муну менен Билим берүү министрлиги — эң көп каржыланган министрлик болуп калды.

Мында бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50  пайыздан жогору көтөрүлдү. Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик.

Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында — айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү.

Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт.

Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат.

Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт. (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ушул жерден биз баса белгилеп коюшубуз керек.  Мугалимдердин айлыгына акчабызды мындан ары да аябайбыз. Мүмкүнчүлүк болоор замат, дагы да жогорулатып беребиз. Бирок аларга коюлган талабыбызды да мындан ары катуу коебуз!

Ушул айдан баштап, бардык мектептерде аттестиациялоо иштери жүргүзүлөт.  Балдарыбызга, келечек муундарга сабакты эң татыктуу, эң акылдуу, эң дасыккандарыбыз окутсун.

Педагог диплому болбосо дагы, атайын курстан өткөн агай эжекейлерди даярдап, биз быйыл жайында ар бир мектепке жок дегенде 10-15тен жаңы мугалимдерди алышыбыз керек!

Өзгөчө математика, так илимдер, компьютер жана чет тил сабактарынан эң жогорку квалификациядагы мугалимдерге муктажбыз.

Мен азыркы жаштарга да кайрыламын. Мектеп мугалими болуп иштеңиздер!

Мындан жогору ардак да, аброй да башка кесиптерде өтө аз.

Биздин улутубуздун эртеңки ийгилиги, азыркы мектептерде гана жарала турганын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Мектепке чейинки билим берүү  мекемелеринин (бала бакчалардын) тарбиячыларынын эмгек акысы дагы 80%га өстү.

Эми бардык министрликтердин кенже жана техникалык кызматкерлерине өзүнчө токтоло кетейин.

Биз аларды да унуткан жокпуз.

Бул кызматкерлердин эмгегин адилеттүү баалоого өзгөчө көңүл бөлдүк, алардын айлык акыларын дээрлик бардык жерде эки эсеге жогорулаттык.

Ошентип, 1-апрелден тарта 309 миңге жакын социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 2022-жылдын 9 айына кошумча 26 млрд сомду бөлдүк.

Бул төлөмдөрдөн тышкары, 1-июндан баштап балдарга жөлөкпулдарды, аларга жеке кам көргөндөргө жана башка категориядагыларга төлөмдөрдү көбөйтүүнү пландап жатабыз.

Пенсияны, адаттагыдай эле, ушул жылдын октябрь айында көтөрүү планыбызда.

Эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү көтөрүү жөн эле номиналдуу эмес, олуттуу түрдө сезилерлик болушу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.