Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарынын мэриясы мыйзамсыз ажыратып берген 5 га жана 0,15 га жер тилкелер кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен шаарынын мэриясынын 2005-жылдагы токтому менен К.С. жана К.А. аттуу жарандарга жалпы 5,15 га муниципалдык жер тилкелер мыйзамсыз менчикке бөлүнүп берилгендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу жөнүндө сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылган.

Аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу максатында Баткен шаардык мэриясына прокурордук талап келтирилип, 2 млн 900 миң сомдук жер тилкелер мэриянын балансына кабыл алынды.