Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады.

2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов дүйнөдөн кайтты.

Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, өзүнүн эмгек жолун «Ала-Тоо» журналында баштаган.

1971-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын экинчи катчысы, СССР Жазуучулар союзунун ревизиялык комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болуп шайланган.

1980-1986-жылдары Кыргыз ССРинин Жазуучулар союзунун башкармасынын катчысы болуп иштеген жана Кыргызстан коммунисттик партиясынын XIII съездинде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайланган.

2007-жылы Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин төрагасы болуп шайланган жана «Жаңы Ала-Тоо» журналын уюштуруучулардын бири болгон.

ХХ кылымда кыргыз поэзиясындагы жаңы багыттын өкүлү катары Омор Султановдун алгачкы чыгармалары жана макалалары 1953-жылы жарык көргөн. Биринчи поэтикалык ырлар жыйнагы
1961-жылы «Тоо күндөрү» деген аталышта жарык көргөн. Жазуучунун «Төкмө», «Жазуучу», «Ак куулар конгон айдың көл» сыяктуу жана башка чыгармалары «Кыргызфильм» киностудиясында экрандаштырылган. Ал даректүү жана көркөм фильмдерге сценарийлерди жазган.

Омор Султанов «Пираты поневоле», «Остров дракона», «Таинственный всадник», «Вести с того света» аттуу бир катар романдарды (немец жазуучусу Лео Герман менен авторлош катары) орус тилинде жазып, чыгарган. Анын «Тоо күндөрү» (1961), «Жылдыздуу түндөр» (1965), «Отузунчу станция» (1968), «Аэропанорама» (1970), «Улуу дайра» (1972), «Көз ирмем» (1975), «Аралдар арасында» (1976), «Чарчоонун жүзүнчү ыры» (1982), «Адамдын турмушу» (1986), «Ашуу төр» (2003), «Жан берели сүйүүгө» (2003) ырлар жыйнактары жарык көргөн.

Омор Султановдун чыгармалары орус, англис, немец, испан, француз, монгол, поляк, украин, венгер, словак, чех жана башка тилдерде жарык көргөн. Ал А. Пушкиндин, М. Лермонтовдун, Бартольддун, Брехттин, Пабло Неруданын, Габриэла Мистралдын,
В. Маяковскийдин, Н. Хикметтин, К. Кулиевдин, Р. Гамзатовдун,
И. Драчтын, Э. Межелайтистин жана башка акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Ал 1986-жылы Эл аралык Ысык-Көлдү коргоо фондунун президенти болуп, аны негиздеген. 2003-жылы Кыргызстандын чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык бирлигинин вице-президенти, Кыргыз-тажик достук коомунун президенти, Москвадагы Эл аралык жазуучулар союзунун тең төрагасы болуп шайланган.

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Омор Султанов 1985-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардак наамы ыйгарылган, 1995-жылы «Манас-1000» медалы, 2004-жылы II даражадагы «Манас» ордени жана 2020-жылы III даражадагы «Манас» ордени, Казакстан Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Астана» алтын медалы менен сыйланган, «Руханият» эл аралык сыйлыгынын лауреаты болгон.

2007-жылы Женевадагы Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалы, 2008-жылы Россиянын Ломоносов атындагы Достук ордени менен сыйланган, ошондой эле Россиянын коомдук тартип жана коргонуу академиясынын академиги болгон.

Омор Султановго 1977-жылы Киров, 1978-жылы Норильск, 1979-жылы Южно-Сахалинск шаарларынын, 1989-жылы АКШнын Түндүк Каролина штатынын борбору Шарлотта шаарынын жана Казакстандын Астана шаарынын ардактуу жараны наамы ыйгарылган.

Кыргыз адабиятына көркөм саамалыктарды киргизген Омор Султановдун элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

С. Н. Жапаров, А. У. Жапаров, Т. Т. Мамытов, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, Д. А. Ашимбаева, А. К. Эргешов, А. К. Жаманкулов, С. А. Раев, С. А. Аманова, Ч. Эсенгул уулу, М. А. Бектеналиев, М. Шеримкулов, Т. Т. Казаков, К. О. Иманалиев, М. А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н. О. Калыбеков, О. Султанов, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К. Жусубалиев, С. Станалиев, А. Омурканов, Ш. Дуйшеев, М. Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, Г. Базаров, М. Мусаев, М. Абдиев, С. Ишенов, А. Сүйүндүков, Ж. Сооданбек, М. Сарулу, А. А. Кубат, Э. Абдыжапаров, С. Суслова, Т. Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов ж. б.