Орозонун улуу күнүндө мекендешибизге жардам керек. Мүмкүнчүлүк болсо, жардамыңыздарды аябаңыздар. Ар кимдин жакшы тилектери, максаттары ишке ашсын.

Ашырбек уулу Максат бир жылдан бери боорунан альвеококкоз дарты менен жабыркап келет. Кыргызстанда дарыгерлердин баарына көрсөтүп дарыланып да көргөн. Бирок боорду алмаштырыш керек экени айтылган.

Мындай  операция Кыргызстанда жасалбагандыктан Туркияда же Индияда алмаштырса болот экен. Бирок, чет өлкөгө барып жасатууга  5 100000 сом каражат жумшалат.

Жердештери, жакын тууган, достору чогулткан каражат чет өлкөдө оор операцияны жасатууга жетпей жаткандыктан 5-апрелде кайрымдуулук концертин уюштуруп жатышат.

Улуу Рамазан айында кайрымдуулукка муктаж болгон, он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 20 жаштагы Ашырбек уулу Максаттын ден соолугу үчүн жардам берүүңүздөрдү  ата-энеси элден жардам сурайт.

Концерт 5-апрелде Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргызстандын эстрада ырчыларынын коштоосунда өтөт. Билет баасы 350 сом. Убактысы 18.00