Канаданын элчиси Алан Хэмсон Кумтөр боюнча келишимди жогору баалады
Канаданын Казакстандагы, Кыргыз Республикасындагы жана Тажикстандагы элчиси Алан Хэмсондун Кумтөр тууралуу билдирүүсү:
«Мен «Центерра Голд», «Кыргызалтын» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда «Кумтөр» кени боюнча маселени жана ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча алдын ала келишимге кол коюуну колдойм.
Келишимдин бардык шарттары абдан жакынкы аралыкта толук аткарылып, келечекте бардык тараптар ийгиликке жетишет деп ишенем.
Бул келишимдин түзүлүшү ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын келечектеги гүлдөп-өнүгүүсү үчүн жакшы белги болмок.
Канада менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30-жылында мен көптөгөн жалпы артыкчылыктар боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтөм» – деп жазган элчи Хэмсон.