Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Т.Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүүдө.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, эл өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар катышууда.

Марат Алышпаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, КРнын эл артисти, театр корифейи, заманыбыздын залкар актёру Марат Алышпаев 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Алышпаев Марат Усенович 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган.

1972-жылы А.В. Луначарский атындагы Москва театр искусство институтун аяктаган.

Марат Алышпаев түрдүү жанрдагы ролдорду мыкты аткарган, чыгармачылыгын коомдук иштер менен айкалыштыра билген актёр болгону менен белгилүү.