Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-апрелде, Министрлер кабинети менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ишканасын башкаруу боюнча пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын жарыялады.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде эки тараптуу келишимдин чоо-жайын жана кенде болжолдуу өндүрүш менен анын кирешеси тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында буга чейин Кумтөрдөн 410 тонна алтын казылып чыгарылган болсо, «Центерра» компаниясы анын 2 млрд 900 млн долларын таза киреше катары алып, Кыргызстанга болгону 85 млн доллардын тегерегинде гана үлүш берип, андан тышкары салык төлөп келген.

«Кумтөр эми 100% бизге өттү. Кен турган-турпаты менен, анын ичиндеги бардык техникасы менен 1 млрд 300 млн доллар деп бааланат, рынок баасы 3 млрд доллар болот. Канадалыктар арбитраждык сотко 5 млрд доллар турат деп даттанып, кенемте катары ушул сумманы талап кылышкан», – дейт Жапаров.

Азыр кенде канадалыктардын геологиялык чалгындоосу менен бекитилген 169 тонна алтындын запасы турат.

«Жакында Жогорку Кеңеш менен мыйзам кабыл алып, калдык сактоочу жай деп коёбуз, ал жерде 105 тонна алтыныбыз бар. Жакын арада 48% казып ала турган технологияны иштетебиз. Жалпысынан 200-210 тонна алтыны менен кен бизге өттү. Биздин геологдор да айтып жатат, өзүм да китептерден окуп чыкканым боюнча бул жерде 400-500 тонна алтын бар», – деди ал.

Белгилей кетсек, жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

КР жана «Кыргызалтын» ААК «Кумтөр» кени үчүн толук жоопкерчиликти алат жана 2021-жылдын 15-майынан кийин кенден алынган кирешени өзүндө калтырат

«Центерра» КРнын жаратылыш ресурстарын сактоо жана коргоо үчүн 50 млн АКШ долларын төлөйт

«Центерра» «Кыргызалтынга» 11.1 млн АКШ доллары өлчөмүндө кошумча акчалай төлөм жүргүзөт

Мындан тышкары, рекультивациялоо фондуна 53 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү көзөмөл КРга кайтарылып берилет

«Кыргызалтын» менен «Центерра» акцияларын алмаштырса, «Кыргызалтын» «Центеррадагы» акцияларын кайтарып, КГКнын 100% акциясын алат

Келишим ошондой эле, тараптардын өз ара талаптарын толугу менен жана биротоло алып салууну, жоопкерчиликти тааныбастан бардык юрисдикцияларда тараптардын катышуусундагы бардык соттук териштирүүнү токтотууну карайт.

Келишим КР Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш тарабынан алдын ала жактырылган. Министрлер кабинети, «Центерра» жана «Кыргызалтын» ААК келишимге кол коюлгандан кийин 90 күндөн кечиктирбестен жабылат деп күтүүдө.