Бул Садыр Жапаровдун жана Кумтөрдү улутташтыруу үчүн күрөшкөндөрдүн бардыгынын чоң жеңиши, — дейт саясат таануучу президенттин билдирүүсү боюнча.

Президент Садыр Жапаров дүйшөмбү күнү, 4-апрелде кечинде Кумтөр боюнча өлкө элине кайрылуу жасады. Биз комментарий алуу үчүн байланышка чыккан саясат таануучу Марс Сариев белгилегендей, «бул алтын кени боюнча маселе акыры аягына чыкты».

«Өлкө башчысы азыр «Кумтөр» 100% Кыргызстандын элине таандык экенин айтты. Бул абдан чоң жетишкендик деп ойлойм, Садыр Жапаров Кумтөр үчүн көптөн бери күрөшүп, алтургай түрмөгө камалды. Ошондуктан, акыры чекит коюлганы жакшы, — дейт эксперт.

Президент бул кенден жакынкы 10 жылда 3-5 миллиард долларлык алтын казылып алынарын баса белгиледи. «Бул албетте Кыргызстандын тышкы карызын төлөөгө таасирин тийгизет. Бул болжолдуу гана суммалар, чындыгында, андан да көп болушу мүмкүн. Бул каражат кризистен чыгууга, күйүүчү-майлоочу майларды, азык-түлүктөрдү жана башкаларды сатып алууга шарт түзөт», — деди Марс Сариев.

Бул Кыргызстандын элинин абдан чоң жеңиши, деп белгиледи эксперт.

Саясат таануучунун айтымында, бул республиканын өнүгүшүнө абдан күчтүү таасирин тийгизет. Маселен, президент Садыр Жапаров жакында эле социалдык, бюджеттик кызматкерлердин айлыгын 100% көтөрөрүн айтып, элдин чоң ыраазычылыгын жаратканын эксперт мисал келтирди.

«Чындыгында айлык акынын кескин жогорулашы бар. Бул туура багыт тандалганынан кабар берет жана биз эл аралык деңгээлде да, Кыргызстандын ичинде да абдан чоң саясий жеңишти көрүп жатабыз. Мунун баары өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзөт, анткени адатта жазында биздин өлкөдө коомдук-саясий кырдаал, өзгөчө баалардын кескин көтөрүлүшүнүн жана дүйнөлүк кризистин фонунда начарлап кеткен. Бул чындап эле Садыр Жапаровдун командасынын жана Кумтөрдү улутташтыруу үчүн күрөшкөндөрдүн бардыгы үчүн чоң жеңиш”, — дейт эксперт Марс Сариев.