«Ихсан групп ЛТД» турак жай кооперативине 2021-жылы кылмыш иши козголгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен тергелип жатканын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштү министрликтин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.

“Ихсандын” мүчөлөрү 4-апрелде ишкананын Бишкектеги кеңсесине чогулуп, нааразылык билдиришкен. Алар үй алууга акча берип, бирок турак жай албай калганын билдирип, акчаны кайтарып берүүнү талап кылган.

Кооперативдин өкүлдөрү нааразылык тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир нече турак жай кооперативдерине да ушундай эле нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте «Белый Дом Кейжи» («Ак үй Кейжи»), Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шек саналып кармалган.