Жогорку Кенештин депутаты Улугбек Ормонов «Kadam-media.kg» маалыматтык порталына Кумтөр кенинин Кыргызстанга өтүшү тууралуу пикири менен бөлүштү: 

«Кечээ Кыргызстан менен Канадалык «Центерра Голд» компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюу аземине биз дагы күбө болдук. Президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевич элге берген убадасын аткарып, анын өтөсүнө чыкты деп айта алам. Убагында, «Кумтөр – кыргыздыкы, кыргызга иштеш керек» –  деп маселе көтөрүп, ошол үчүн камалып кеткендигин дагы баарыбыз билебиз. Бул жетишкендиги – кыргыз  элинин жетишкендиги!

Кумтөр алтын кенин өзүбүз дагы иштете алаарыбызды  акыркы бир жыл же тышкы башкаруу далилдей алды.  Эми негизги маселелердин бири – чыгымдарды азайтуу, элге пайда келтирүү болуп саналат. Кийинки 5 жылда мындан дагы өсүш пайда болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, экономикабызга салым кошкон өндүрүштүн бири болот деген ишеним күч.

Ошондой эле булардын баары ажобуздан, адистерден, министрлер кабинетинен көз каранды экендиги баарыбызга маалым» — дейт эл өкүлү.