2022-жылдын 5-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны атчан жүктөрдү Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта Өзбекстандын аймагына кирип, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан аныкталган.

«Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болушкан. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары жалпы суммасы 20 миң АКШ доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп өскөн жарандар болуп, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, алар өздөрүндө Өзбекстан Республикасынын паспортун сактап калышкан.

«Бүгүн саат 17:55те чыр-чатак орун алгандан кийин окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жагдайды жеринен изилдешти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү», — деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.