Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 183 мамлекеттик кызматкердин диплому жасалма экени аныкталганын айтты.

УКМК тараткан маалыматка ылайык, тизмеде Жогорку Кеңештин 3 депутаты, 1 министр, 2 судья, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, билим берүү тармагында эмгектенген 40 кызматкер, Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу 1 өкүлү, 2 мэр жана вице-мэрлер бар деп билдирди. Тизмеде ошондой эле өлкөдөгү ведомстволордо жана муниципалдык кызматтарда бир нече жыл иштеген адистердин да жасалма диплому бар экени жазылган.

УКМК жасалма документтерди даярдаганга катыштыгы бар окуу жайлардын кызматкерлерине чара көрүлөрүн айтты.

Текшерүү жүрүп жаткан мөөнөттө Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасынан 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кеткен. Дагы 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышканы айтылды.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

Өткөн айдын башында дипломуна байланыштуу суракта жүргөн мугалим өз өмүрүнө кол салып, жанын кыйган.

24-январда УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча масштабдуу текшерүү башталганын кабарлап, өнөктүк дээрлик 3 айга созуларын айткан.

Март айынын ортосунда 28 жасалма диплом аныкталганы кабарланган.