Өткөн суткада Кыргызстанда доллардын курсу өсүп, ал эми күйүүчү май менен алтындын баасы өзгөрүүсүз калды.

Кечээки ушул убакытка карата доллар көтөрүлгөн: сатып алуу 6,11 сомго, ал эми сатуу 6,13 сомго өстү.

Евро да өйдөлөп, сатып алуу жана сатуу 5,92 сомго кымбаттаган.

Рублге бир нече тыйын кошулса, кошуналардын акчасы — теңге да болор-болбос өйдөлөгөн.

Майдын баасы да бир калыпта.

Алтын куймалардын 100 граммдыгын (ал 3,5 миң сомго кымбаттаган) эске албаганда, калганынын баасы өзгөргөн эмес.

Анткен менен сатуу менен кайра сатып алуунун айырмасы кыскарган. Эгерде бир граммдыгын алсак, мурдагы күнү ал 524,5 сом, кечээ 260, ал эми бүгүн 226 сом болду.