Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда.

Мурдагы  Алмазбек Атамбаев жана аны менен чогуу аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов да сотко жеткирилди.

Алмазбек Атамбаев  бүгүн журналисттер менен сүйлөштү. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен эмне үчүн урушканын айтты. Анын айтымында, бул Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айынан болгон.

«Сапар Исаков (мурдагы премьер-министр) Райымбек Матраимовду кызматтан алган. Ошондон кийин Сапар Исаковго карата куугунтук башталды. Мен дайыма Сокеге (Сооронбай Жээнбеков) айтчумун – менин оюмда эмне болсо, ал менин тилимде», — деп бөлүштү соттолуучу.

Эске салсак, 2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого каршы митингдер өттү. Андан кийин тополоң башталды. 6-октябрда коомчулуктун кысымы менен БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аргасыз болгон. Бир нече соттолгон саясатчылар колониялардан бошотулган.