Кыргызстанда оюн-зоок жайларын ачуу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып,  коомдук талкууга коюлган. Мындай мыйзамды кабыл алуунун себептери, анын иштешинен күтүлүп жаткан натыйжалар тууралуу, КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын банк, финансы мекемелерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Абай Кадыралиев жана аталган кызматтын лицензия, уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров төмөнкүдөй суроолорго жооп беришти.

— Азыр казино ачуу тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкуу жаратып жатат. Ошол мыйзам долбоору жөнүндө, аны кабыл алууга эмне себеп болуп жатканы тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттин бюджетин толтурууга, жумуш орундарын түзүүгө багытталган. Мындан тышкары сырттан келе турган туристтерге жаңы шарттарды түзүүгө арналган. Анткени оюн-зоок жайлары туристтик жайларда болот. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга туура келген ресторандарда, отелдерде ачылат.

Ошондо эле бул мыйзам долбоорунда оюн-зоок жайлары салыктын кандай түрлөрүн кандай ставка менен төлөнөөрү каралган.

— Оюн-зоок жайларын ачуу үчүн кандай документтер жана талаптар каралат?

-Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору боюнча, Кыргызстандын аймагында ишкерлик жүргүзүү үчүн ишкерлик субьекттери Юстиция министрлигинен жабык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом катары катталгандыгы боюнча күбөлүгү болушу шарт. Мындан башка дагы талап кылынган документтер болуп, анан дагы бир маанилүү шарты, оюн-зоок жайын ача турган ишкердин же компаниянын резервдик фондунда 4 миллион сом болушу зарыл. Бишкектен башка аймактарда ача турган ишкерлерде да 2 миллион сомдук резерви болгон соң гана алар лицензия ала алышат.

Ал эми Бишкекте ачыла турган оюн автоматтары залы үчүн 1 миллион сом, ал эми облустарда ачыла турган залдар үчүн 500 миң сом резервде болуусу каралган.

— Мыйзам долбоорунда мындай жайларды ачуудан баш тартуу каралганбы?

— Ооба, каралган, булар кандай учурларда болот? Эгерде ишкердик субьектине мындай ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынган учурда, документтерди кароо үчүн төлөнө турган алым төлөнбөсө же көрсөтүлгөн документтер толук болбосо, же болбосо террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштырууга каршы мыйзамдын талаптарын аткарбаса, баш тартуу болот. Башка талаптар да бар, мисалы, оюн-зоок жайлары медициналык, билим берүү, маданий жайларда ачылбайт. Оюн-зоок жайлары адам отура турган орду 100дөн кем эмес жеке менчик ресторанда, ошондой эле талаптагыдай жабдылган 20дан кем эмес номери бар мейманканаларда ачылышы керек.

— Мындай ишмердик менен иш алып барууда кандай чектөөлөр бар?

— Чектөөлөр абдан олуттуу. Оюн-зоок жайында иштей турган кызматкерлер жана кардарлар үчүн чектөөлөр бар. Мисалы, мындай жайда иштей турган кызматкердин жашы 21ден кем эмес жана иштөө мүмкүнчүлүгү чектелбеген адам болушу зарыл. Ал эми Кыргызстандын жарандары болгон кардарлар казиного кире алышпайт. Тактап айтканда, казиного жалаң чет элдик жарандар гана кире алышат.

— Мурдагы мыйзам долбоорунда эгер Кыргызстандын жараны кандайдыр бир жол менен казиного кирип акча уттуруп чыкса, казино кожоюну ал уттурган каражатты кайтарып бере турганы боюнча ченем бар эле. Азыркы мыйзам долбоорунда биздин жарандардын кирүүсүнө жол бербей турган кандай чаралар бар? Экинчиден, бюджетке канча каражат түшүүсү күтүлүп жатат?

— Мындай жайларга чет өлкөлүк паспорту бар жарандар гана кире алышат. Эгерде биздин жарандар кирген учурлар болсо, ал адамга да, ошол казинонун ээсине да мыйзамдын талаптарына ылайык чаралар көрүлөт. Эгерде кош жарандыгы бар адамдар кире турган болсо, аларга коюла турган талаптар жана жоопкерчиликтер ушул мыйзам долбооруна тиешелүү мыйзам актыларына жазылат. Ал эми бюджетке келсек, Кыргызстанда казинолор иштеп турган 2010-11-12-жылдардын статистикасы көрсөткөндөй, мындай жайлардан бюджетке каражат түшүүсү болжол менен 500 миллион сомду түзгөн. Азыркы мыйзам долбоорунда бул көлөмдөн көп каражат түшө турганы болжолдонуп жатат. Булардын бардыгы мыйзам иштей баштагандан кийин дагы такталат.

— Оюн-зоок жайлары салыктарды кандай төлөшөт?

— Бул боюнча айрым мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, салык базасы да өзүнчө каралат. Ал жерде казино өз ишмердүүлүгүнөн тапкан кирешесинин 8 пайызын салык катары төлөй турганы ушул мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.

— Казинолор өз кирешелерин жашырып коюшу мүмкүн да?

— Алар кирешелерин жашырбоосу үчүн атайын финансылык текшерүүлөр жүргүзөлөт, отчеттор берилет, булар салык органдарына келип түшкөн маалымат менен тастыкталат.

— Казинону ким ача алат? Кайсы аймактарда ачылат?

— Азыркы мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, эгер резервге сала турган каражаты болсо, бардык мыйзам талаптарына жооп берсе, Кыргызстанда иштеп жаткан ишкерлер ача алышат. Андан тышкары резидент эместер, башка мамлекеттердин компаниялары болобу, жарандары болобу, биздин Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, ошондой кийин гана бизден лицензия алып иштей алышат. Бул мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын бардык аймагында оюн-зоок жайларын ачууга болот. Ошондой эле букмекердик, тотализатордук жайларга да ушундай талаптар коюлат. Андан тышкары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, талап кылынган бардык документтерди тапшырышат. Ошондой эле лицензиянын баасы Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Ошол бекитилген бааны төлөшөт, андан тышкары оюн-зоок жайлары үчүн тиешелүү жабдуулар анын ээсинин атында болушу зарыл. Ал эми оюн автоматтары ойнотула турган жайларда да жабдуулар ээсинин атында же ижарада турганы боюнча тастыктоочу документтердин болушу зарыл. Лицензия мыйзам долбоору боюнча 10 жылга берилет.

— Кыргызстандын жарандары кирет-кирбейт деген сөз эл арасында көп талаш-тартыштарды жаратып жатат. Мисалы, андай жайга киргени үчүн жергиликтүү кардарга да, оюн-зоок жайынын ээсине да айыптарды кароого болобу?

— Сиз айткан айыптар мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн. Эгер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды бузган болсо, анда казино ээси 650 көрсөткүчттөгү айыпты төлөй турганы каралган. Оюн-зоок жайлары азыркы заманга ылайык, көзөмөлгө алуучу бардык жабдуулар менен жабдылат. Бир нерсе болсо видеожазуу аркылуу тапса болот. Ал эми ал жайдын ээси мыйзам бузган учурда ага айыптар салынат.

— 2012-жылдарда Кыргызстанда казинолорду жабышканда, Казакстандын Капчыгайында казинолор ачылган. Анткени бизге көбүнчө Казакстандан келип ойношчу. Ал эми бизде казино жабылгандан кийин, биздин ишкерлер казинолорду Грузияга барып ачышкан. Грузияга жанындагы Азербайжандан, Түркиядан, араб өлкөлөрүнөн келип ойношот. Силердин эсебиңер боюнча Кыргызстанга кайсы өлкөлөрдөн келип ойношу мүмкүн?

— Оюн-зоок бизнеси дүйнөдө белгилүү иш. Биздин мамлекетке келген ар бир турист эс алганы келет, арасында казино ойной тургандары да бар. Мындан тышкары, кошуна өлкөлөрдөн, алыскы чет өлкөлөрдөн да кардарлар болуусу күтүлүп жатат.

Анара Жумагулова