ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский узакка созулган оорудан кийин каза болду. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Мамлекеттик Думанын жыйынында билдирди.

Бир мүнөттүк жымжырттык жарыяланып, жыйын үзгүлтүккө учурады.

Буга чейин 25-мартта орусиялык басылмалар анын өлүмү тууралуу жазып чыгышкан. Анда Володин бул маалыматты четке каккан эле.

2-февралда коронавирус жуктуруп алган Жириновский Борбордук клиникалык ооруканага жаткырылган. ММКлар анын өпкөсү катуу жабыркаганын жазышкан.