КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев КР Министрлер кабинетинин кризиске каршы көрүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

— Жакында КР Министрлер кабинети кризиске каршы чаралардын планын жарыялады. Деги Кыргызстандын экономикасы мындан ары кандай болот?

— Азыркы эки мамлекеттин ортосундагы согуштук аракеттерди, анын аркасында келип чыккан экономикалык кесепеттерди эске алуу менен, биз дагы экономикалык ыкчам реакция жасап жатабыз. Бул кризиске чейин эле КР Бюджеттик кодексине ылайык, 2022-27-жылдарга карата өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолдуу планы иштелип чыккан. Анда оң да, терс да кесепеттер кандай болору айтылып, 2022-жылы экономиканын өнүгүүсү 5,3 пайыз болору болжолдонгон. Бул көрсөткүч 2021-жылы 3,5 пайызга жеткен. Ушул жылдын алгачкы эки айындагы көрсөткүчтөр дагы жакшы болчу, тилекке каршы геосаясий курч кырдаалдан, Россияга каршы санкциялардан улам, дүйнөдөгү чийки зат жана каржы рыногундагы туруксуздук деңгээли өтө жогору болгон абалга дуушар болдук.

Ушундай акыбалдын биздин экономикага тийгизген таасирин азайтуу максатында КР Министрлер кабинети кризиске каршы иш-чараларды иштеп чыкты. Ал бир нече бөлүмдөн турат, биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн, товардык, финансылык жана валюта рыногун турукташтыруу зарыл.

— Эми конкреттүү жасала турган чараларды айта кетсеңиз?

— Айыл чарба муктаждыктары үчүн буудайдын, арпанын, сафлордун, эспарцеттин үрөндөрү жана минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу майды камсыз кылабыз. Фермерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүдө “Айыл банкка” 5,5 млрд. сом, ал эми “РСК банкка” 4,5 млрд. сом бөлүндү. Негизги тамак-аш азыктарынын беш түрү сүт, эт, жашылча, кумшекер жана өсүмдүк майы боюнча азык-түлүк кластери түзүлөт. Булардан тышкары мамлекеттик материалдык резервдер фондуна сатып алынган тамак-аш азыктарын калкка сатуу механизми иштелип чыкты. Социалдык мааниге ээ товарлардын негизсиз өсүшүнө жол бербейбиз. Россиядан экспорттук чектөөлөр  киргизилген товарларды алып келүү боюнча Россия тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Өкмөттүн кризиске каршы планында 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуу каралды. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да жөлөк пулдар жогорулайт. Ал эми бюджеттик кызматкерлердин айлыктарын 30дан 100 пайызга чейин жогорулатуу үчүн бюджеттен 26,1 млрд. сом бөлүнүп жатат.

— Россияга Европанын, АКШнын товарлары бир нече жылдар бою кирбей калышы ыктымалдыгы айтылууда. Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрү ушул шарттарды кандай пайдаланса болот?

— Кыргыз ишкерлери ал жакка чоңдордун, балдардын кийимдерин, бут кийимдерди, пахта буласын экспорттойт. Булардан тышкары жашылчаларды, кургатылган жемиштерди, сүт азыктарын, булгаары буюмдарын, металл калдыктарын, электр лампаларды, автотранспорттун бөлүкчөлөрүн жөнөтүшөт. Жеңил өнөр жай продукциясынын 90 пайызын Россияга экспорттогон кыргыз ишкерлеринин бизнесин колдоо максатында Россиянын мамлекеттик бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын рыногуна азыркыдан да көп товар жөнөтүү аракети көрүлөт. Албетте, Россия рыногунун башка экспортерлор үчүн жабылуусу биздин экспортерлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрду ачат. Мындан тышкары товар экспорттоонун башка жолдору, мисалы Жакынкы Чыгыштын, Кытайдын, Азия өлкөлөрү да биз үчүн ыңгайлуу.

Буга чейин кыргыз ишкерлери Кытайдын, Түркиянын товарларын Россияга ташып сатуудан реэкспорттук чоң тажрыйба топтоп алышкан. Керек болсо, эми биз Россиянын товарларын башка өлкөлөргө реэкспорт жасай турган соода каналы боло алабыз.

— Азыр мамлекеттер аралык соода-сатыкты кайсы валютада жасоо да суроо жаратып жатпайбы. Мында доллардан рублге өтүү, дегеле улуттук акча менен соода алакасын жүргүзүүгө көз карашыңыз кандай?

-Улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү ЕАЭБдин алкагында көптөн бери эле көтөрүлүп келген. Бирок эки өлкөнүн ортосундагы окуялардан соң бул маселе чындап чечүүнү талап кылууда. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын отурумунда да талкууланды. Мисалы, жалпы бажы төлөмдөрүндө гана эмес, экспорттук-импорттук операцияларда да өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүү каралып жатат. Аны ишке ашыруу негизги товарлардан — энергия жана тамак-аш тармагынан башталуусу керек. Валюта рыногундагы чайкоочулукту азайтуу үчүн Улуттук банк бир катар чараларды көрүп жатат.

Анара Жумагулова