Кыргызстанда буга чейин генерациянын кубакттуулугун көбөйтүүнүн алкагында 15-20 гидроэлектрстанциялар ишке киргизилди. Бул тууралуу Эл аралык энергетикалык форумунда КР президентинин администрациясынын жетекчиси – министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда чакан ГЭС курууга аянттарды даярдоо, долбоорлоо жана зарыл болгон жабдыктарга буйрутма берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Ошентип, бул жылы 30га жакын чакан ГЭСти ишке киргизүүнү көздөп жатабыз, анын ичинен төртөө өзубүздүн күчүбүз менен, калгандары мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулат”, — деди ал.

Мамлекеттин күчү менен курула турган чакан ГЭСтер төмөнкүлөр: “Бала Саруу”, “Орто-Токой”, “Бурулдай”, “Кара-Көл”.

Мындан тышкары, КР министрлер кабинетинин башчысы генерациянын кубаттуулугун көбөйтүүнүн алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСин, 3 күн станциясын жана шамал станцияларын ишке киргизүү пландалып жатканын айтты.