Бишкекте клумбаларга тигилген жоогазындар гүлүн ачты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жоогазындар былтыр «Бишкекжашылчарба» МИнын кызматкерлери тарабынан отургузулган.
«Быйыл жалпысынан шаардагы клумбаларга жоогазындын 140 миң уругу айдалган», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, гүлдөп бүткөндөн кийин алар казылып алынып, кургатылып, күзүндө кайра отургузулат.