Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” эл аралык энергетикалык форумда Кытай менен Испаниянын энергетикалык компаниялары Ысык-Көл облусуна эки күндөн энергия алуу станциясын куруу боюнча ниеттерин билдиришти.

Тактап айтканда, форумдун алкагында инвестициялык келишим жана меморундумга кол коюлду. Алсак, Ысык-Көл облусунда 1 миң МВт кубаттуулуктагы электр станциясын куруу боюнча инвестициялык макулдашууга Энергетика министри Доскул Бекмырзаев жана энергетикалык компаниялардын консорциумунун өкүлдөрү Чжао Чжанган (CPID компаниясы), Гу Хэйюнлер (CR20G компаниясы) кол коюшту.

Ошондой эле Энергетика министри Доскул Бекмырзаев жана Испаниянын Ecoener энергетикалык компаниясынын өкүлү Рикардо Томас Герьереро Ысык-Көл облусунда 260 МВт кубаттуулуктагы күндөн энергия алуу станциясын жана ГЭС куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Айта кетсек, Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жогоруда аталган эл аралык энергетикалык форуму өтүүдө. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев, Дүйнөлүк банк жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Ал эми иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат.

Булак: Акча бар. кж