Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортуна Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдарды аткара баштады.

Алсак, 2022-жылдын 6-апрелинен тарта «Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург» багыты боюнча каттам жумасына 2 жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.

Ал эми, 7-апрелден баштап «Москва-Бишкек-Москва» багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.