Бүгүн, 9-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгалак болот, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +20…+25

Талас облусунда +19…+24

Баткен облусунда +24…+29

Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29

Ысык-Көл облусунда +17…+22

Нарын облусунда +17…+22.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы +23…+25 градуска жетет.