Баткен ОИИБнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алынган ыкчам маалыматтарынын негизинде ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, Лейлек районунун тургуну өзүнө тиешелүү унаада баңгизатын алып бараткандыгы белгилүү болгон.

Баткен ОИИБнын ыкчам кызматкерлерине Чүй ОИИББнын Ысык-Ата РИИБнин жана чек ара кызматкерлеринин берген жардамы менен Лейлек районунун 38 жаштагы тургуну 2022-жылдын 9-апрель күнү Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Чүй облусунун Ысык-Ата районунундагы чек ара өткөрмө постунан кармалды.

Текшерүү иштеринин алкагында 12 бирикеттеги баңгизаттын жалпы салмагы 24 кгды түзгөн.

Бул факты Баткен ОИИБнын КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы