Дүйшөмбү, 11-апрелде, республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл аймагында +20…+25, Теңир-Тоодо +19…+24 градус жылуу болору болжолдонду.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +25…+27, Ошто +30…+32 градуска чейин ысык болот.