«Бишкек башкы архитектура» мекемеси «Кыргыз почтасынын» алдындагы аянттын эскизин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы долбоор «Кыргыз почтасынын» алдындагы аймакты жакшыртуу максатында иштелип чыккан, себеби фонтандар жайгашкан бул аймак мурдагы көркүн жоготуп алган.

«Борбордогу эң маанилүү жерлердин бири болгон кыйла чоң аймак азыр жараксыз абалга келген, ал жерге эл отурбай калды», — деп айтылат маалыматта.

Долбоорго ылайык, бул аймакта декоративдик плиталарды, отургучтарды, жарык берүүчү лампаларды алмаштыруу, ошондой эле кошумча көрктөндүрүү иштери каралган.