“Бакыттын  кушу башыңардан кетпей консун”… биз баш кошкондо ушул каалоо көп айтылып, бирок анчалык маани бербеген экенмин. Ошол бакытын кушун бүгүн колумдан учурганда гана кандай болорун сезип турам. Башыңда конуп турганда,  даамы ааламда жок татуу, учуруп ийгенде андан ачуу, армандуу азап жок  экенин туйдум.

Баарына өзүм күнөөлүү. Жок, тагыраагы экөөбүз күнөөлүү. Мен сен үчүн өзгөрө албадым, сен мен үчүн өзгөрө албадың. Кыз жигит болуп жүргөндө, эмнегедир кемчиликтерди көрө алган эместейбиз.

Баш коштук, үйлөнүү тоюбузда баары бакыт каалашты. Биринчи жылы жакшы жашадык. Экинчи жылдан экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралап, баягыдай күтпөй калдың, эмнегедир гүл сыяктуу соолуй баштадың. Себебин сурасам чарчаганыңды айттың. Менин достор менен көп убакыт өткөрүп, сага убакыттым жок экенин айтып таарындың. Ал арада таарынып төркүнүңө да барып келдиң. Боюңда бар экенин билгенде кайра келдиң. Балалуу болдук, “балага карашпайсың, досторуң менен эле жашай бер” деп дагы таарындың. “Эркекмин достор менен отурам, басам” дедим. Жылдар өтүп экинчи ирет эне болдуң. Бирок, дагы деле алгачкыдай сүйүү ортобузда жок болуп баратты. Сенин мүнөзүң өзгөрүп корс болуп бара жаттың. Мерездикти үйрөндүң. Канчалык аракет кылсак да сенин муздап калган сезимиң күндөн-күнгө өчө берди. Менин досторума болгон махабатым, экөөбүздүн махабатка чекит койду.

Сени менден бүтүндөй кеттиң, эми отуруп ушунча жыл чыдаган эркиңе баа бердим. Ойлонуп көрсөм, сага көңүл аз бөлүптүрмүн. Алдым меники, качан да келсем үйдө болот деген ойго алданып, досторум менен көбүрөөк убак өткөрүп жүрүпмүн. Мына мезгили келип түшүндүм. Сага дайыма уршуп кеткенде айтат элем, “үстүңдө үйүң турат, астыңда унааң бар, жашай бер дагы сага эмне керек” деп. Көрсө сага жылуулук, сүйүү, таза мамиле керек болчу экен. Буга чейин нечен ирет таарыныш-табышып жүрдүк, бирок бул ирет кайткыс болуп кеттиң. “Чарчадым, муздадым” дедиң. Байлык да барчылык да ортодо жылуу мамиле болбосо бүлөнү сактап  кала албайт тура. Ушунун баарын бүгүн сен жок, муздак үйдө, муздак төшөк, тынч калганда түшүндүм. “Балдарды чурулдатпай кара, уктайм”  дейт элем. Мына алар жок жымжырттык, болгону терезеге тырсылдап тийген жамгыр, түн, муздак соккон шамал, тынбай тарткан чылымдан үйдүн ичи көк түтүн. “Бакыттын кушу башыңардан кетпесин” деген ушул турбайбы…..