Торугарт-Кыргыз-Кытай бекетинде оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары укугу бузулуп жатканын айтып Президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Урматуу биздин падышабыз жана президентибиз Садыр Жапаров! 

Биз “САПАРМАН АЙДООЧУЛАР БИРИКМЕСИ”  Торугарт-Кыргыз-Кытай бекетинде жүк ташуучу унаа айдаган айдоочулар айласыздан, укугубузду коргоп берүүңүздөрдү  суранып, кайрылуу жасап жатабыз.  Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу добуш сатып албай, эл ишенип добуш берген президент сизсиз. Эл чын жүрөгү менен ишенип,  шайланып келгенсиз. Биз сизге терең ишенебиз жана ар дайым колдойбуз.

Былтыр бизге каракчылык кылып, өзүн “элита” деп атап алышкан менчик фирмалар ар бир айдоочудан 50 доллар алып келишкен. Бизге үстөмдүк кылып, кыйнап акча алып, зордоп келишкен. Биздин сизге үнүбүз жеткен, сиз бизди  кабыл алып,  үнүбүздү угуп, масалени туура жагынан чечип бергенсиз. Сизге жолугуп, маселе чечилгенден кийин ортодогу фирмаларга 50 доллардан бербей калганбыз, өздөрүн элита деп атагандар жоголгон.  Бирок, биз алардын үй-бүлө,  бала-чакасын ойлоп, кемчилдектерин кечирип, арыз жүзүндө тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылган эмеспиз, анткени алар эми туура эмес иштерин түшүнөт деп ойлогон элек.

Бирок, алар   түшүнгөн жок. Тескерисинче, алар кайрадан күчөп,  күндө-күнгө бизди коркутуп, үстөмдүк кылып, болбой эле кысым көрсөтүп, заявка чыгарбай түйшүккө салып, баягы кыйнаганын койбой жатышат.  Булардын Кытай жараны Маней деген адамы бар. Биздин мыйзамдуу ташыган  товарларды, машиналарды өткөрбөй, чачыратып контрабанда  жолу менен өзүлөрүнүн  машиналарын киргизип ташыйлы деген оюу бар экени, алардын бизге жасаган аракетинен так көрүнүп турат.  Мындай кадамдары биздин башыбыздан далай өткөн, алар  кандай жол менен контрабанда кылаары. Булар карапайым элди тоноп,  каракчылык кылып, миллионер  да болгон экен.  Чынын айтканда алар кымбат баалуу, жаңы, акыркы үлгүдөгү машиналарды айдашат. Биз сыяктуу карапайым, ак эмгеги менен үй-бүлөсүн баккан айдоочулардын эсебинен өтө  байыган жана  туугандары да мамлекеттик  чоң кызматтарда иштешет экен. Биз карапайым, айдоочулар контрабанда мафиясы менен күрөшүп келе жатабыз урматуу Садыр Жапаров!

Айта берсек сөз көп. Азыр  “Иствэй” фирмасы ишмердүүлүгүн токтотконсуп, бирок,  башка фирмаларды былжытып, биздин үстүбүздөн арыз жазды. Биз бүгүнкү күнгө чейин башка фирмалар менен жакшы иштешип келе жатабыз. Биз булардын былыктарын, контрабандаларын айтып берсек, сөз көбөйүп кетет. Биз эми арыз жүзүндө да  кайрылабыз. Сиз биздей карапайым элдин үнүн угуп, масалесин чечип келесиз. Эми биздин да масалени туура жана адилеттүүлүк менен чечип коюуңузду өтүнөбүз. Анткени СИЗ адилеттуу болушуңуз керек. Сизге  деген үмүтүбүз чоң жана мындай өздөрүн элита сезип, карапайым, ак эмгеги менен  үй-бүлөсүн  баккан биз сыяктуу айдоочулардын укугун коргоп бересиз деген акыркы ишенимибиз сизде!”- деп жазылган кайрылууда.