2022-жылдын 12-апрелинде “Кызыл-Бел” – “Гулистон” өткөрүү пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода, ошондой эле эки тараптын тиешелүү жетекчилери жана облустун күч түзүмдөрүнүн башчылары, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери катышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасында чыр-чатактарды алдын алуу, болтурбоо жана чек аралаш аймактардагы соңку учурда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланды.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында,

— Чек арага жакын жайгашкан айылдардын сугат суу, жазгы талаа жана чарбачылык маселелери боюнча атайын эки облустун биринчи орун басарларынын жетектөөсүнүн астында суу чарба кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. Аталган комиссия эртең, 13-апрелде, Лейлек районунун аймагында жолугушуп, өз жумуштарын баштайт;

— Чек арага жакын жайгашкан айылдарда коомдук тартипти сактоо маселеси боюнча милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын байма-бай жүргүзүп, эки элдин ортосунда чагымчыл аракеттерди болтурбоо боюнча биргеликте кызмат өтөө;

— Ошондой эле чек арага жакын аймактарга кошумча күчтөрдү тартпоо боюнча макулдашылды.