«Бакубат Талас» фонду жана «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстан Алтайдан ала турган 35 маралдын чыгымын каржылады. Бул тууралуу «Альянс Алтын» кабарлады.

Ага ылайык, компания жаныбарларды сатып алууга 2,5 миллион сом бөлгөн.

«Маралдар Алтай Республикасынан алып келинип, тоолуу өрөөндөргө эркин кое берилет. Акыркы жылдары Кыргызстанда бул жаныбардын саны кескин азайып кеткени байкалган. Бул сатып алуулар маралдын санын көбөйтүп берүүгө көмөкчү болот», — деп жазылган маалыматта.

Компания мындай аракет президенттин 2022-жылды «Тоолуу экосистеманы коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо» жылы деп жарыялаган буйругун аткаруу жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгынын долбоорун колдоо максатында ишке ашырылып жатканы белгиленди.