Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери бекитилди. Бул тууралуу Республикалык штабдын Telegram-каналында айтылат.

КРге кирип-чыгуу эрежелери:

КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык аба каттамдар менен жүрүүдө жана автоунаа менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө ПЧР-тесттин терс жыйынтыгын (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө тастыктаманы көрсөтүүгө тийиш;

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик версиясы үчүн «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемесин колдоно алышат. Учактын ичинде милдеттүү түрдө беткап тагынуу жана антисептик колдонуу керек. Ошондой эле учакка COVID-19дун клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр гана киргизилет. ПЧР-тесттин мөөнөтү орчундуу себептерден улам (72 саат) аяктаган учурда жүргүнчүлөр экспресс-тесттен өтүүгө милдеттүү;

12 жашка чейинки балдарга эмдөө сертификаты же терс ПЧР-тест керек эмес;

ПЧР-тесттин терс натыйжасы (акыркы 72 саатта активдүү) же эмдөөнүн толук курсу жөнүндө тастыктама өлкөдөн чыгуу үчүн да талап кылынат;