ИИМдин Тергөө кызматынын ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды камтыган жарандардын кайрылууларына ыкчам аракеттерди көрүү,  калыс жана сапаттуу иликтөө, инсандын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо болуп саналат.

2022-жылдын 3 айында кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Ошондой эле, өткөн жылдагы 2 кылмыш иши дагы иликтенип жатат.  Азыркы учурда сотко мындан аркы териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн 37 кылмыш ишинин материалы жөнөтүлдү.

Айрым материалдар жарандык сот  өндүрүшүнүн тартибинде каралуусуна байланыштуу 17 иш өндүрүштөн кыскартылган. Калган фактылар боюнча иликтөө жүрүп жатат. 77 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Андан сырткары, 30 жарандын кайрылуусу бар, алар боюнча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткан жарандардын саны 139 түзөт. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы  66 млн. 641 миң сомду түзөт.

Бишкек шаары боюнча:

“Белый дом КейДжи” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 37 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 11 миллион сомду түзөт.  Кооперативдин шектелген директору абакка камалган.

Ош шаары боюнча:

“Ордо-Мурас” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 17 кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда кылмыш ишинин сотко чейинки өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пункту менен токтотулган.

“Биринчи турак жай” кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча азыркы учурда 1 кылмыш иши иликтенүүдө. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы  16 миллион сомдон ашык. Арыз менен 30 жаран кайрылган. Тиешелүү эскпертизалар дайындалды.

Ошондой эле, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан “S-Line”  кооперативинин ишмердүүлүгү боюнча 19 кылмыш иши иликтенип жатат.  40 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 35 миллион 400 миң сом. Милицияга арыз менен 54 жаран кайрылган.

Андан сырткары, “Ихсан Групп ЛТД” коопертивинин ишмердүүлүгү боюнча  кылмыш иши козголгон. Жарандарга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы такталууда.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы