Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун акиминин орун басары Максатай Каримбердиева аталган райондогу чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары кайра үйлөрүнө кайтып барганын билдирди.

Анын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышуудан улам жалпысынан жалпысынан 17 миңден ашуун адам өз алдынча коопсуз айылдарга чыгып кеткен. Алар бала бакчаларда, мектептерде жана тургундардын үйлөрүндө түнөп, эртең менен эрте кайра үйлөрүнө жеткирилди.

Мунун алдында Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жоокери жараат алганын билдирди. Алардын бири учурда Лейлек районунун ооруканасында жатат, биринчи хирургиялык жардам көрсөтүлдү жана абалы орточо оор.

Экинчи аскерге алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевдин таңкы саат 7де “Азаттыкка” билдирген маалыматына ылайык, чек арадагы соңку ок атышууга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктай элек. Аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстандын чек ара кызматынын Согд облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Хикматулло Пираковдун сүйлөшүүсү 13-апрелге караган түнү Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде башталган.

Тараптар алгач жаңжал чыккан аймакка тартылган кошумча күчтөрдү кайра артка чыгарууну макулдашканы маалымдалган.

Тажикстан соңку окуя жана сүйлөшүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

Баткендеги абалды көзөмөлдөп, күч кызматтары менен жергиликтүү бийликтин ишин координациялоону жеринен Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жүргүзүүдө.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды. Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып анда 27 жаштагы Тажикстандын жоокери жаракат алып, операция жасалып жатканын жазган.