Дүйнөлүк банк Украинага 1,5 миллиард долларлык колдоо пакетин даярдап жатканын Reuters агенттиги жазды.

Польшадагы Варшава Экономика мектебинде сүйлөгөн сөзүндө Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс банк Украинага маанилүү кызматтарды, анын ичинде ооруканалардын айлык акысы, пенсия жана социалдык программаларды көрсөтүүгө жардам берип жатканын айтты.

Анын айтымында, бир күн мурда бул 1 миллиард долларлык пакеттин бир бөлүгү Дүйнөлүк банктын курамына кирген жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары аркылуу жакыр өлкөлөргө жардам көрсөткөн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан жактырылган.

Дүйнөлүк банктын өкүлү мындан тышкары Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Украинага 472 миллион доллар насыя кепилдик берерин билдирди.

Анын маалыматына караганда, Украинага колдоо көрсөтүү планы жакынкы апталарда банктын директорлор кеңешинде каралат.

Буга чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен Дүйнөлүк Банк Украинага 3 миллиард доллар өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүү пакетин иштеп чыгууну жарыялашкан.