Тажик тарап, Кыргызстан менен чектеш аймактарда жыл сайын кол салып, адам канын төгүп, жаӊжалдарга себепчи болуп келет. Кезектеги аткылоосу кечээ, 12-апрелде болду.

Орто Азияда тажик президенти менен үзөӊгүлөш болгон диктаторлор бул дүйнөдөн өтсө, айрымдары тактыдан кетти. Аны президенттиктен кеткенден кийинки тагдыры кабатыр кылып жатат. Анын үстүнө Тажикстандагы экономикалык абал дагы кубанаарлык эмес.

Эли ачка, ички нааразычылык күчөп жатат. Жыл сайын толгон шишик жарылчудай абалга келгенде, Рахмон кылмыштуу бийлигин сактап калыш үчүн “сырттан душман келе жатат!”-деген шылтоо менен алаксытып келет. Ал шылтоосу кошунасы Кыргызстанга кол салып, тажиктерди “ынтымак” болууга үндөйт. Бул анын негизги тактикасы.

Экинчиси, Рахмон жаш курагы, мезгили дагы аягына чыгып калды. Кандай болбосун бийлигин уулуна таштап кетүүнүн амалын көрүп жатат. Бийлик колунан чыкса, анын кылмыштары суу үстүнө калкып чыккан майдай эле билинип калат. Тажикстандан дүйнөгө тарап жаткан баӊги-бизнеси, үй-бүлөөлүк арам оокаттары.

Рахмондун Кыргызстанга кыр көрсөтүп жаткан дагы бир ызаасы бар. Ал, Баткен чек арасы аркылуу арам нарко-бизнесин ташычу. Азыр чек-арадан алардын “бизнестери” өтпөй калды. Бул жагдай Рахмонду ыза кылууда.

Мындай абалды байкаган Америка, Орто Азияга кезектеги чаӊ-тополоӊ чыгарууну көздөп жатканы байкалууда. Мындан 3-4 күн мурда эле Америка Тажик аскерий күчтөрүнө 1,3 миллион долларлык аскер жабдыктарын берип кеткен.

Россиянын түндүк жагына жаӊжал жаратып, Украинаны каржылык жана ар тараптуу жактан колдоп, көкүтүп теги бир орус-украиндердин ортосуна бүлүк салса, эми Орто Азияда тополоӊ чыгарууга максаты билинип жатат.

Американын гранттарын алган Кыргызстандагы НПОчулар дагы активдүү кыймылдап, мамлекетке каршы аракеттерин кылышууда. Мунун баары тегин жерден эмес.  Ушундай шартта, айланабызды эле эмес, ичибизге душман аралап кеткен чакта, кыргыз улуттук духун ойготуп, ынтымакта болушу керек.