Блогер Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайда тамырын кести. Бул тууралуу 24.kg агенттиги  юрист Назгүл Сүйүнбаевага шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, Баткен облустук соту блоггерди камакта калтыруу боюнча мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

«Менин кардарым орозо кармайт. Батмакан Жолболдуевага жакындарына тамак берүүгө тыюу салынган. Бир күн мурун Баткен облустук сотуна баш коргоо чарасы каралып жаткан жыйынга катышуу үчүн келдим. Айыпталуучу ИВСтин жетекчиси жана СИЗОнун башка кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр жана куугунтуктоолор болуп жатканын айтып даттанды. Жыйындан кийин райондук ички иштер бөлүмүнө барсак, жетекчилик жок экен. Убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси менен жолуктук, биз кеткенден кийин Батмакан Жолболдуевага кысым көрсөтө баштаптыр. Ал тамырын кесиптир. Туугандары аны ооруканадан белгисиз тарапка алып кетишкенин айтышууда», — деди Назгүл Сүйүнбаева.

Эске салсак, Арзыгүл Галымбетова АКИpress агенттигинин Баткен облусу боюнча аймактык кабарчысы болуп иштеген. Мындан тышкары, ал чек ара маселелерин чагылдырып келген. Журналист 26-мартта каза болгон. Өлөрүнө бир күн калганда ал фейсбук баракчасына блоггерлер Батма Бат менен Роза Маманова ага зыян келтирип, анын өлүмүн каалап жатышканын билдирген видеону жарыялаган.

Байкоосуздуктан адам өлүмүнө алып келген факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блогер Батмакан Жолболдуева кармалган.