Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын ноябрында түзөтүү мекемелерине каннабис тобундагы баңгизат каражаттардын ири партияларын ташып киргизүү менен алектенүүчү баңгилик топтор тууралуу ыкчам маалымат алынган.

Аталган маалыматтаы тактап, ишке ашырууда түзөтүү мекемелерине каннабис тобундагы баңгизат каражаттарды ташып киргизүү жана сатуу каналына бөгөт коюу максатында атайын иш-чара уюштурулуп, жыйынтыгында 2022-жылдын 19-мартында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамадан Токмок шаарынан келе жаткан, “Шама” деген кайман аттуу, мурда түзөтүү мекемелерине баңгизаттарды ташып киргизүү менен алектенип, бир нече жолу соттолгон, Д.Ш. аттуу жаран маршурттук унаадан түшөрү менен кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда жашыл түстөгү рюкзак тыбылып алынып, ичинде майдын 5 литрлик пластик бөтөлкөсү, 2 литрлик пластик бөтөлкөсү, анын ичинде кара куурай өзгөчө жытына ээ, болжол менен “гашиш” баңгизат каражатына окшош, чачыратма түрдөгү, ачык жашыл өсүмдүк заты болгон.
Алынган заттын жалпы салмагы 2 кг 194 гр.түзгөн.
Учурда, кармалган жаран тергөө абагына киргизилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы