Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Сауд Аравиянын Ажылык жана Умра министрлигинен ажылык сапары боюнча расмий билдирүү ала электигине байланыштуу САПтын жарыялаган маалыматына таянып, 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер ажылык мезгилине убакыт тар болуп калгандыктан, алдын ала COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырат.

Муфтият COVID-19га каршы САПтын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекиткен эмдөө дарылардын тизмесин сунуштайт.

• Пфайзер-Бионтек (Pfizer-BioNTech);
• Модерна (Moderna);
• Оксфорд- Астразенека (Oxford-Astrazeneca);
• Джансен (Janssen).