«Куланак» ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу укугу «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКсына берилди. Тийиштүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кубаттуулугу 100 МВт деп белгиленген «Куланак» ГЭСи Нарын дарыясына курулат. Долбоордук-сметалык документация боюнча ГЭСтин тосмосунун бийиктиги 27 метрге жетип, жалпысынан 4 жылда аяктайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Анын долбоорун өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо менен алектенген россиялык «Ленгидропроект» мекемеси иштеп чыкты.

Белгилей кетсек, Нарын дарыясында жалпы кубаттуулугу 6,2 гигаваттка чейин отузга чукул ГЭСти курууга болот.