Президент Садыр Жапаров журналист жана блогерлерди жалган маалымат таратпоого чакыран кайрылуусун социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысынын айтымында, мындай учурда абалды ого бетер курчутуп, эки элди кайраштырууга түрткү болуп калуу толук мүмкүн.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Биз демократиялык жолдон тайбайбыз.

Сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталат жана уланат. Биздин өлкөдө ар ким каалаганын сүйлөйт, митингдерге чыгат.

Чек жок.

Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сөз эркиндигим бар деп эле калп маалыматтарды тараткандарды токтотолу.

Мындан бир ай мурда фейк аккаунт менен «Кыргызстан Украинага согуштук оор техникаларын ташый баштады, аскерлерибиз согушка жөнөдү» деп чыгара коюп, аны андан ары официалдуу ММКлардан таратып жүргөн жарандарыбыз дагы болгон. Биринчиден, мындай кылган уят иш. Экинчиден, Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка жаман көрсөтүү максаты болуп жатат. Оппозиция болсоңор, жеке мага болгула. Мамлекетти тынч койгула. Согуш менен ойнобогула. Кудай элибизге согуштун бетин көрсөтпөсүн», — деп жазат өлкө башчысы.