Бүгүн, 14-апрелде, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 19…24, Ысык-Көлдө 14…19, Нарында 15…17 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы 20…22 градус болот.