Бишкектин Патрулдук милициясы 11-апрелден 25-апрелге чейин жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо боюнча ири рейд өткөрүп жатканын Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

УПКМ белгилегендей, патрулчулар мурдагыдай эле айдоочулук күбөлүктөрүн тартып алышпай, протокол түзүү менен гана чектелишет.

“Тилекке каршы, мындай чара айдоочулардын жол эрежесин кайра-кайра бузууга мүмкүнчүлүк берет, анткени айдоочулук күбөлүгү аларда калып, эреже бузуулар үчүн айып пулдар өз убагында төлөнбөй жатат”,- дейт басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу.

Айыптарды убагында төлөбөгөн айдоочулар аныкталса, унаалар айыпка тартылат. Унааларды бардык айыптарды төлөгөндөн кийин гана алууга болот.